Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Семинарда - укук коргоо иштери

Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы “Барчын” мектепке чейинки билим берүү борборунда өткөрүлгөн семинарда  “Балдар бакчаларында КР “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө ” мыйзамынын талаптарына ылайык уюштуруу-укук коргоо иштери жөнүндө” деген тема талкууланды. Семинар кесиптик бирликтин райондук комитети тарабынан уюштурулуп, ага райондогу  22 мамлекеттик, 4 жамааттык мектепке чейинки билим берүү борборлорунун директорлору катышышты.

            Семинарда Баткен райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Жумаев Т. “КР Эмгек Кодексинин талаптарына ылайык балдар бакчаларында кадрлар менен иштөөнүн укуктук негиздери”, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мажилимов О. “ КРнын 29.06.2009-жылдагы №198 «Мектепке чейинки билим берүү  уюму жөнүндө» мыйзамына ылайык кадрлар менен иштөөгө коюлган талаптар”, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси  Юлдашев А. “Кызматкерди жумушка алууда, башка жумуш орунуна которууда жана жумуштан бошотууда эмгек мыйзамдарына ылайык жазылуучу иш кагаздары”, “Балдар бакчаларында КР θкмөтүнүн 1999-жылдын 12-мартындагы № 145  токтомуна ылайык жумуш берүүчү менен кызматкердин ортосунда эмгек келишимин түзүүнүн өзгөчөлүктөрү” райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Шергазиева М. “Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин штаттарынын расписаниеси жөнүндө” деген темаларда баяндамаларды жасашты.

                Катышуучулар “Барчын” балдар бакчасынын  “Мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги иш кагаздарынын номенклатурасына” негизделип түзүлгөн документтери менен таанышышып, өз ой-пикирлерин жана сунуштарын айтышты.

            Топтордо иштөө менен директорлор  кызматкердин өздүк делосун түзүү, кызматкерлерди жумушка алуу, орун которуштуруу, жумуштан бошотуу боюнча буйруктарды жазуу, кызматкердин эмгек китепчесин толтуруу, жумуш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы эмгек келишимин түзүү ж.б. боюнча практикалык иштерди аткарышты.

             Семинардын ишине райондо балдар бакчаларын ачууга жана материалдык жактан камсыздоого зор салым кошуп келе жаткан “Айжан” коомдук бирикмесинин директору Ч.Ахмедова катышып, уюштуруу иштери боюнча өз ой-пикирин билдирди.

            Кесиптик бирликтин райондук комитеттин төрагасы Т.Жумаев ар бир мектепке чейинки билим берүү мекемесининин директоруна кесиптик бирликтин бюджетинин эсебинен даярдалган уюштуруу-укук маселелери боюнча ченемдик-укук документтеринин пакетин тапшырды.

 

РКПнын жетектөөчү адиси                                          Б.Абдыразакова