Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Семинар өз максатына жетти

Ала-Бука райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинде 30-октябрь 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин борбордук комитетинин жана Жалал-Абад областтык Билим берүү илим кызматкерлеринин иш планынын негизинде Ала-Бука, Аксы, Чаткал райондорунун билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, эсепчилери жана билим берүү кызматкерлеринин катышуусу менен семинар өткөрүлдү.

Семинарда билим берүү системасындагы кызмат акы боюнча ченемдик-укуктук иш кагаздарды жүзөгө ашыруу жана кызматкерлерге эмгек акы төлөө, дем берүүчү акыны эсептөө жана бөлүштүрүү тартиби боюнча Кыргыз Республикасынын билим, илим кызматкерлеринин  борбордук комитетинин эмгек акы жана социалдык коргоо боюнча башкы инспектору К. Ниязбеков жана райондук профсоюз комитеттеринин төрагалары семинардын программасы боюнча сөзгө чыгышты. Акырында суроо-жооп пикир алмашуулар кызуу талкууланды. Семинардын катышуучулары Кыргыз Республикасынын билим, илим кызматкерлеринин борбордук комитетине чоң ыраазычылыктарын билдиришти.