Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Семинар максатына жетти

    22-майда Каракол шаарындагы №11-гимназия-мектебинин базасында мектеп, мектепке чейинки  жана мектептен тышкаркы билим берүү  мекемелеринин жетекчилерине шаардык профсоюз комитети тарабынан уюштурулган окуу-семинар болуп өттү. Семинардын максаты нормативдик актылар жана уктук иштер боюнча кеңири маалымат берүү менен катышуучулардын  суроо-талаптарын билүү эле.Жетекчилер топ-топко бөлүнүп,берилген тапшырмаларды кызыгуу менен талкуулашты. Көп жылдык тажрыйбасы бар жетекчилер укутук жактан, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо, кызматкерлердин эмек акысынын төлөнүшү боюнча мыйзам чегинде иш жүргүзүлүп жаткандыгын далилдөө менен жаш жетекчилерге үлгү болушту.Бул окуу-семинар айрыкча жаш жетекчилердин  кызыгуусун туудуруп, көптөгөн суроолорго жооп алышты.  Алар ушундай окуу-семинарлардын бат-бат өтүлүп туруусун суранышты.Семинар максатына жетти.


 Каракол шаары 
 Касмалиева Ж.У.