Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Семинар ийгиликтүү жыйынтыкталды

Ысык –Көл областына караштуу Ак-Суу районунун Токоев атындагы орто мектебинин базасында мектеп директорлору үчүн уюштурулган «Куррикулум-башталгыч класста балдарды окутуунун негизи» деген темада райондук семинар өткөрүлдү.

Семинардын негизги максаты-башталгыч класстын окуучуларына сапаттуу билим берүүдөгү жаңылануу ыкмаларынын жайылтылышын аталган мектептин мугалимдеринин иш ыкмаларында көрсөтүү болуп саналды. Башталгыч класстарда билим берүүнү канчалык жогорку денгээлде уюштура билсек, жаңы ыкмаларды, инновациялык иш-аракеттерди пайдалансак жаш жеткинчектердин билим сапаты ошончолук бекем болмокчу. Бул маселени туура түшүнүшкөн аталган мектептин мугалимдери сабак берүүдөгү өз иштерин алдынкы тажрыйбаларга таянуу менен мүмкүн болушунча жогорку денгээлде өткөрүүгө жетишишти. Семинардын катышуучулары мугалимдер тарабынан интегрилештирилген сабакты, топ менен иштөөнү, долбоор жактоону,  борборлоштурулган окутууну, сахна-сабагын, ар-кыл ийримдердеги иштерди кандай өткөрүү керектигин иш жүзүндө көрүп күбө болушту. Семинарды жыйынтыктоо учурунда мектеп директорлору булл мектептин мугалимдеринин жаңычыл иш- аракеттерине ыраазычылык билдирүү менен бир катар сунуштарын да айтышты.

Андан кийин семинардын катышуучулары мектептин класс-кабинеттери менен таанышышты. Аларга өзгөчө мектептин профсоюздук уюму тарабынан жасалгаланып мугалимдер үчүн кызмат кылып жаткан эс алуу бөлмөсү жакты. Ал жерде мектеп кызматкерлери үчүн эс алууга жакшы шарттар түзүлгөн. Профсоюздук бурч, профсоюздун документтери, «Позиция профсоюза» гезитинин тиркемеси  да ушул бөлмөдө. Мугалимдер сабак аралык бош учурунда бул бөлмөгө келишип чай ичишип, телевизордон жаңылыктарды уга алышат.

Семинардын ишине катышып жатышкан райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Темиралиев, райондук профсоюз комитетинин төрагасы Э.Садабаев да өз кызматкерлерине жакшынакай шарт түзүп берген мектеп директору Б.Абдуллаевге жана профком Г.Осмоновага ыраазычылык билдиришти. Райондун бардык билим берүү мекемелеринде кызматкерлерге мына ушундай шарт түзүү үчүн аракеттер көрүлүп жаткандыгын баса белгилешти.

Ошентип, сеинар жакшы маанайда, ийгиликтүү жыйынтыкталды.