Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Семинар болуп өттү

       2017-жылдын 21-апрель күнү Өзгөн районунда баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдардын жана иш берүүчүлөрдүн укуктук-ченемдик актылар жөнүндө билимдерин жогорулатуу максатында областтык семинар болуп өттү. 

     Семинарга Өзгөн районундагы жана Өзгөн шаарындагы мектептердин, бала бакчалардын  баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдары, райондук билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган эсепканасынын эсепчилери катышышты.    Семинардын     ачылышына   райондук билим берүү бөлүмүнүн  башчысы И. Дуйшеев катышып, аткарылып жаткан иштер жөнүндө кыскача маалымат берди. Окуу-семинар  иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин укуктары жана милдеттери, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо, кадрдык кызматтын иш кагаздарын уюштуруу, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана 2,3 тараптуу жамааттык келишимдер, кызматкерлерди эмгек өргүүгө чыгаруу, убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук, төрөт боюнча жөлөкпулдардын төлөнүшү жөнүндөгү маселелер боюнча топторго бөлүнүп иштөө аркылуу, презентациялоо менен суроо - жооп иретинде өткөрүлдү.

Жыйынтыгында катышуучулардын суроолоруна Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин кызматкерлери М. Аттокуров, Э. Ажиматов жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Өзгөн райондук комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов жолдоштор жооп беришти.