Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Семинар өз максатына жетти

      2018-жылдын 15-февраль күнү Кара-Суу шаарында жайгашкан № 112 Манас орто мектебинин базасында Кара-Суу аймагында (зонасында ) жайгашкан 63 жалпы билим берүүчү мектептердин баштапкы профсоюз уюмдарынын  төрага, төрайымдарынын катышуусунда семинар-окуу болуп өттү.

     Семинардын максаты: Мектептерде баштапкы профсоюз уюмдарынын кааналарын  түзүү жана иш кагаздарын жүргүзүү.

     Семинар-окуунун жүрүшүндө ачык сабактар пландаштырылып, класстан тышкаркы иш-чаралар көрсөтүлдү. Семинарга катышкан төрага, төрайымдар профсоюз каанасын түзүү, иш кагаздарды жүргүзүү боюнча кеӊири маалымат алышып өздөрүнүн баалуу кеӊештери менен ой бөлүшүштү. Мындан тышкары эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо багытында мектептин жүргүзүп жаткан иш кагаздары, кызматкерлерди окуткан журналдары жана атайын уюшулган бурчу  жөнүндө  кызыктырган суроо-жооптор  менен жыйынтыкталды.