Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Семинар максатына жетти

Каракол шаардык профсоюз комитети тарабынан (төрайымы Касмалиева Ж.У.) билим берүү мекемелеринин жаңы  дайындалган жетекчилерине  жана    профкомдоруна өтүлгөн окуу-семинар  төмөндөгүдөй ыр саптары менен башталды.

Эне тилим-кыргыз тилин кадырлайм,

Бул тил менен иштейм, сүйлөйм ыр ырдайм.

Башка тилди жандай жакшы көрсөм да,

Кыргыз тилин сүйгөнүмдөн жаңылбайм. 

    Эл аралык эне тил күнү эске алынып,  кыргыз тилин өнүктүрүү учурдун талабы экендиги жөнүндө азын – оолак сөз болду. Шаардагы  “Билимстан” балдарды окутуу борборунун баштапкы профсоюз комитетинин  төрайымы  Осмонова Рахат   семинарга келгендерди  эне тил күнү жана алдыда келе жаткан майрамдары менен куттуктап,  комуздун коштоосунда  ыр белек кылды.

    Салттан сырткары башкача маанайдагы семинар слайд менен коштолуп, профсоюз ишинин негизги багыттары, максаттары жана милдеттери жөнүндө кеңири маалымат берди. Практикалык иш катышуучулары  үчүн кызыктуу болгондуктан  кызуу талкууга алынды. Семинар максатына жетти.