Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Семинар болуп өттү

Жалал-Абад шаарында 2021-жылдын 20-28-сентябрында «Кыргыз Республикасында мектептерди жакшыртуу үчүн коомчулукту иш-чараларга тартуу” темасында семинар болуп өттү. Ага райшаардык  билим  берүү бөлумүнүн жетекчилери, методика кабинетинин башчылары, мектеп  директорлору катышты. Ал КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстандагы “Ага Хан” Фонду, Дүйнөлүк Банк, Япония Өкмөтүнүн  көмөгү менен  өткөрүлдү.

Семинарды “Ага Хан” Фондунун кызматкери Тилек Нурунбетовдун жетекчилигинда өтүүдө. Семинарда мектептердин окуу-материалдык базасын чыңдөө үчүн каржылоо булактарын табуу, долбоорлор менен иштөө, инвестиция тартуу, каржыларды көзомөл кеңештери аркылуу пайдалануу, коомчулукту мектепти жакшыртууга тартуу маселелери каралды. Тайпаларга бөлүнүп, иш-тажрыйбаларды алмашуу болду.

27-сентябрь күнү Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.Исмаилов семинардын катышуучулары менен  жолугушту, алардын ишине ийгиликтерди каалап, активдүү катышуучулар “Жалал-Абад” санаториясына жолдомо менен сыйланышарын билдирди.

Катышуучулар кесиптик бирликтин областтык комитетине ыраазычылык айтышты.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын испектору А.Айдаров