Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Саякбай Манас айтканда”

Улутубуздун сыймыгы болгон улуу “Манас” эпосу кылымдан-кылымга, укумдан –тукумга, атадан-балага сакталып келе жатат. Анткени “Манас” кыргызды кылымдар бою өзүнө таанытып, тарыхтын кыйын кездеринде да элдин башын бириктирип дем берген касиеттүү кудурет күч. Мына ушул касиеттүү кудурет күчүбүз, улуу эпосубуз- эне-тилибиздин алтын казынасы десек жаңылышпайбыз. “Манас” “Өнөр алды кызыл тилдин” же болбосо “Тилим кыргыз, урааным Манастын” эң жогорку үлгүсү.

Ушул эпостун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тил мыйзамынын  кабыл алгандыгынын 30 жылдык маарекесине карата уюштурулган кыргыз тилинин өркүндөп өнүгүүсүнө теңдешсиз салымын кошкон эл уулу Саякбай Каралаевдин 125 жылдык салтанатына арналган “Саякбай Манас айтканда” деген темадагы адабий көркөм музыкалык иш- чара болуп өттү. “Өзгөнү унутсам да, өздүгүмдү, ата-тегимди, тилимди, дилимди унутпайм” деген ураанды бекем туткан Камбарова Саткын эжеке жана кыргыз тили жана адабияты мугалимдери жетектеген иш-чара.

2019-жылдын 25-октябрь күнү Ноокен районуна караштуу Ноокен айыл өкмөтүндөгү №8 Т.Орозматов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде белгиленди. Иш-чаранын негизги максаты жалпы эле көрүүчүлөргө ата-бабабыз Манасты жана жарым миллион ыр сапты кыргыз тилинде мээсине жатка сактаган Саякбай Каралаевди  даңазалоо эле.

Мында 85 окуучу катышып, алар өздөрүнүн сөзгө чебердигин, тайманбастыгын, сахнада өзүн үлгүлүү алып жүрүүсүн көрсөтө алышты.

Адабий композициялык иш-чарага Жалал-Абад билим берүү бөлүмүнүн усулдук каана жетекчиси Жолдошова Жамила Колдошовна жана Ноокен райондук  билим берүү бөлүмүнүн кыргыз тили жана адабиятын жетектөөчү адиси Андарова Гулнура эжекелер келип катышышты. Ошондой эле башка мектептерден да кыргыз тили жана адабияты мугалимдери келип күбө болушту. Конокко келген меймандар жалан гана жагымдуу маанайда эң жакшы ойлорун билдиришти.

Мектепте эмгектенген мектеп директору Акматалиева Бубайша Карабаевна жана ал жетектеген жамаат муну менен эле чектелип калбастан мындан ары да изилденип, кадамдарын алдыга карай арыштатаарын, дагы да жакшы-жакшы иш-чараларды уюштураарын билдиришти.

 

№8 Т.Орозматов атындагы орто мектебинин

кыргыз тили жана адабияты мугалими

Болотбекова Нурзат