Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Сапаттуу билим берүүдө инновациялык окутуу усулдарын колдонуу” деген темада областтык семинар болуп өттy

2018-жылдын  31-мартында Кадамжай  районуна  караштуу  Ак-Турпак  айыл  аймагындагы  О.Абдрахманов   атындагы   орто билим берүү мектебинин базасында “Сапаттуу  билим  берүүдө   инновациялык  окутуу  усулдарын   колдонуу”  деген  темада  областтык  семинар  болуп  өттү.

Семинарга  Баткен областынын  район, шаарларынан  70  мугалим  катышты.  Баткен областтык  усулкана  башчысы  М.Абдирашитовна  жана  Кадамжай  райондук  администрациясынын  башчысы  Ж.Маматович,  зам  аким  М.Мыйзамовна, Кадамжай  райондук билим  берүү  бөлүмүнүн  башчысы Ж.О.Гайбуллаев,  Билим  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Кадамжай  райондук  комитетинин  төрагасы  Момошов  Абдуалим  Юнусалиевич, Кадамжай  райондук усулкана  башчысы  М.Ганыбаев катышты.

Семинардын  негизги  максаты   жалпы  билим берүү  уюмдарына коюлган  негизги  стандарттын   минималдык  талаптары, баалоонун  чен  өлчөмдөрү, окутуунун  алдынкы  технологиялары  менен  тааныштыруу жана  кийин  жер  жерлерде  жайылтуу болуп  саналат. Семинар  жогорку  деӊгээлде  өттү.

 

 

Материалды  даярдаган:  Ажиева  Феруза.