Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сапаттуу билим берүү жана руханий адеп-ахлактык тарбия - өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи

2021-жылдын 13-сентябрында Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы Маданият үйүндө “Сапаттуу билим берүү жана руханий адеп-ахлактык тарбия - өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи” темасында мугалимдердин педагогикалык кеңешмеси болуп өттү.

Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө мектеп жана бала бакчалар тарабынан балдардын кол өнөрчүлүгү жана мугалимдердин көргөзмө куралдарынын жарманкеси уюштурулду. №15 “Жомок”, №22 “Гулкайыр”, №45 “Наристем” балдар бакчаларынын тарбиялануучуларынын чакан концерттик номерлери тартууланды. Иш-чараны Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев ачып, Ноокен райондук билим берүү тармагындагы аткарылган иштер жана жаңы 2021-2022-окуу жылына коюлган милдеттер жөнүндө айтып өттү.

Ошондой эле Ноокен мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары З.И.Юлдашева, айыл өкмөттөрүнүн орун басарлары, мекеме-ишканалардын жетекчилери,  ардагер жана жаш мугалимдер, жалпысынан алганда 300 адам катышты. Быйылкы окуу жылында мектептер жаш мугалимдер менен толукталып, жалпысынан 47 адис салтанаттуу ант беришип, алгачкы эмгек жолуна аттанышты.

Ноокен мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары З.И.Юлдашева, ардагер мугалим С.А.Ахмедов билим берүү тармагындагы жетишкендиктер жөнүндө айтып, бардык билим берүү кызматкерлерин жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук кабинетинин башчысы У.Уметов “Мугалимдердин билимин өркүндөтүү багытындагы ийгиликтер”, №13 Рахманжан атындагы орто мектебинин директору М.Токтосунов “Социалдык капитал – акыл эмгегинин маданияты”, №45 “Наристем” бала бакчасынын директору Э.Тердикбаева “Мектепке чейинки билим берүүдөгү өзгөчөлүктөр”, №36 М.Мамаев атындагы орто мектебинин директору З.Акматалиева “Маалыматтык базаны түзүү – мезгил талабы” темасында докладдар менен чыгышты.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов өткөн окуу жылындагы жетишкен ийгиликтер, балдардын жана мугалимдердин жайкы эс алуусунун уюштурулушу жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле өз сөзүндө 2020-2021-окуу жылында кесиптик чыгармачылыкты өркүндөтүү  жана иш тажрыйбаларды жайылтуу максатында өткөрүлгөн “Жыл мектеби-2021” жана “Жыл бакчасы-2021” кароо-сынактарынын жеңүүчүлөрүн куттуктады.

Алдынкы  жамааттарга жана ардагер мугалидерге Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин дипломдору, көчмө туулары жана баалуу белектери тапшырылды.

Мугалимдердин педагогикалык кеңешмесин уюштурууга жакындан көмөк көрсөткөн Кочкор-Ата шаарындагы мектептердин жалпы эмгек жамаатына, өзгөчө Н.Кожомуратовага, З.Шамаматовага, Ч.Турдумаматовага жана райондогу бардык билим берүү мекемелеринин жетекчилерине ыраазычылык билдиребиз.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райондук КБКнын инспектору Т.Бакиров