Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Санариптик билим берүү - өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы баскычы”

“Санариптик билим берүү - өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы баскычы”

 

2020-жылдын 24-август күнү өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Лейлек районунун билим берүү кызматкерлеринин “Санариптик билим берүү - өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы баскычы” аттуу август кеңешмеси онлайн түрдө өткөрүлдү.

Кеңешме райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.А.Бекмуратов, билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.И.Жеемуратов, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы А.Т.Бердиевдердин куттуктоо сөздөрү менен коштолуп, өткөн жылдын жыйынтыгы чыгарылып, ишинде өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылып, министрлик тарабынан зарыл деп белгиленген маселелер каралып, резолюция кабыл алынды.