Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Санариптик билим берүү – өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы баскычы

Санариптик билим берүү – өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы баскычы

2020-жыл 24-август күнү Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн “Санариптик билим берүү – өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы баскычы” темасында Август кеңешмеси болуп өттү.

Август кеңешмеси жылдагыдан айырмаланып, өлкөдөгү абалга байланыштуу онлайн түрүндө өткөрүлдү. Анда Ноокен мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э. Маматаев катышты. Ошондой эле Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мугалимдер катышышты.

Август кеңешмесинде Ноокен мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Э. Маматаев билим берүү тармагындагы жетишкендиктер жөнүндө айтып, бардык билим берүү кызматкерлерин жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. Олжобаев Ноокен райондук билим берүү тармагындагы аткарылган иштер жана жаңы 2020-2021-окуу жылына коюлган милдеттер жөнүндө айтып өттү.

Андан сырткары “Кайсы учурда болбосун мугалимдер коомдун акыл чырагын жандырган, жаш муундун турмушка көзүн ачкан, кат-сабатын жогорулаткан, туура жолду көрсөткөн элдин интеллектуалдуу алдыңкы катмары болуп келген. Бул миссияны улантуу - учур талабы. Мына ушундай асыл сапаттарга ээ болгон билим берүү кызматкерлеринин алдында билим берүүнүн санариптик сабаттуулугун жогорулатууда, жаңы окуу жылын аралыктан окутуу, мугалимдердин санариптик технологияларды сапаттуу пайдалануусун жакшыртуу максаты турат. Коомдогу өзгөрүүлөрдү туура түшүндүрүп, туура багыт берүү биздин кесиптик жана атуулдук милдетибиз болуп саналат. Билим берүү кызматкерлери бул милдетти ишенимдүү түрдө туура аткара тургандыгына шек жок. Биздин күчүбүз – билимде,ыйманда жана ынтымакта” – деп баса белгиледи.

Ноокен рай КБКнын инспектору Т. Бакиров