Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Санарип мугалим” Лейлек району

“Санарип мугалим”

Лейлек району

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2020-жылдын 5-августундагы №602/1 буйругуна ылайык “Санарип мугалим” деген аталышта 5-25-августка чейинки аралыкта бир айлык жарыяланган.

Айлыктын алкагында Лейлек районунун окуу усулдук каанасы тарабынан буга чейин ар бир предмет боюнча санарип билим берүүнү мыкты өздөштүргөн, дистаннтык окутуу формасында ар кандай конкурстарга катышып, жакшы жыйынтыктарды көрсөтө алган мугалимдерден түзүлгөн топ өз тажрыйбасын башка мугалимдерге жайылтып, окутууну дистанттык түрдө жүргүзүүнүн ыкмаларын, онлайн сабактарды даярдоо, видео сабактарды, видео окуу материалдарын, мультимедиялык технологияларды колдонуу, окуучулар менен кайтарым байланышты уюштуруу, ата-энелер менен иш алып баруу боюнча вебинарларды өткөрүүнү пландаштырып, уюштуруп ишке ашырып жатышат.

Ушундай уюшкандыкта өткөрүлүп жаткан иш чаралар окуучуларга дистанттык форматта билим берүүгө чоң өбөлгө болуп, мугалимдердин санарип билим берүүдөгү тажрыйбасын арттырат.