Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Салтка айланган “Акыркы коңгуроо” салтанаты

Тогуз-Торо районуна караштуу  №5  Барктабас атындагы  жалпы билим берүүчү орто мектебинде  «Акыркы коңгуроо» аземи өзгөчө шаң менен өттү. Бул салтанатка Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү Абдылда кызы Наргиза, Билим берүү жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитеттин башкы укук жана техникалык эмгек инспектору Кадыркулов Бедил Мешкенович, райондук профсоюз комитетинин төрагасы Ажыбаев Залкарбек, Атай айыл округунун катчысы Чөкөнбаева Айнагүл жана  ардагер мугалимдер, ата-энелер, 10 жылдык,

20 жылдык бүтүрүүчүлөр, мугалимдер катышышты.

Салтанаттын алгачкы сөзүн мектеп директору Жылтырова Бурулбүбү Сатымкуловнага берилип, ал мектептин 2018-2019-окуу жылында  жетишкен ийгиликтерин, өзгөчө кыргыз тили жана адабияты  предмети боюнча республикалык сынакка катышып байгелүү орунду ээлеген окуучу Абитова Айнурдун ийгилиги  жөнүндө толкундануу менен айтып өттү  жана  келген конокторду, бүтүрүүчүлөрдү  бүгүнкү салтанат менен куттуктады.

 Куттуктоо үчүн сөз келген конокторго берилип, билим берүү жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитеттин башкы укук жана техникалык эмгек инспектору Кадыркулов Бедил Мешкенович, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү Абдылда кызы Наргиза, райондук профсоюз комитетинин төрагасы Ажыбаев Залкарбек, Атай айыл округунун катчысы Чөкөнбаева Айнагүл сөз сүйлөшүп,  бүгүнкү салтанат менен бүтүрүүчүлөрдү куттукташты. Окуучуларга билим-тарбия берүүдө ийгиликтерге жетишкен мугалимдерге жана алдыңкы окуучуларга  грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мындан тышкары мектептин атын алып жүргөн  Барктабас агайдын кызы Ташматова Гүлайым Барктабасовна алдыңкы мугалимдерге “Ыраазычылык кат”,  окуучуларга “Ардак грамота” жана акчалай сыйлык тапшырды. 

Мектеп окуучулары жана бүтүрүүчүлөр  даярдаган концерттик программа бул салтанаттын шаңына  шаң  кошту.

Ошондой эле билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитеттин башкы укук жана техникалык эмгек инспектору Кадыркулов Бедил Мешкенович жалпы мектептин эмгек жамааты менен жолугушуп, профсоюздун Борбордук Комитети тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө кеңири маалымат берип, мугалимдер тарабынан берилген суроолорго жооп берди.  Жыйынтыгында мугалимдер билим берүү жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Тогуз-Торо райондук профсоюз комитети