Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сактануу – коопсуздуктун кепилдиги

    15-март күнү Бишкек гуманитардык университетинде профсоюздук комитети жетекчилик менен биргеликте “сактануу-коопсуздуктун кепилдиги” аттуу акциясы уюштурулду. Иш чаранын жүрүшүндө ар түрдүү өзгөчө кырдаалдар учурунда кантип коргонуу, кандай сактануу керектиги туралуу окуу жайдын жалпы кызматкерлерине жана студенттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле капыстан жараат алган учурда кантип биринчи жардам көрсөтүлөөрүн медицина кызматкерлери түшүндүрүп беришти. Бул жолку саамалык өрт коопсуздугуна багытталса, кийинки атайын даярдыктан өткөрүү иштери жер титирөө, суу каптоо кырдаалдары түзүлгөн учурларда кантип сактануунун жолдору боюнча өткөрүлмөкчү.