Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

САЙКАЛОВ КУБАТ – ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ

     Баткен районунда “2017-жылдын мугалими” кароо-сынагынын аймактык жана райондук этаптары   2017-жылдын 20-21-апрель күндөрү Бужун орто мектебинин базасында өткөрүлгөн райондук кароо-сынакка райондун 9 айыл аймагынан жеңип чыккан 9 мыкты мугалим катышты.

     Кароо-сынактын жеңүүчүсү болуп алыскы тоо койнундагы Кайыңды айылында Ж.Турусбеков а.о.м. иштеген жаш тарых мугалими Сайкалов Кубат таанылды. Алардын үй-бүлөсүн мугалимдердин династиясы уялаган үй-бүлө деп атоого болот. Чоң атасы Сайкалов Сайитбурхан КР Эмгек сиңирген мугалими, пенсияда экендигине карабастан азыр да мектепте иштөөдө. Чоң энеси Насырова Сагынбүбү КР Билим берүү мыктысы, азыр ардактуу эс алууда. Атасы Сайкалов Кубаныч, энеси Элчиева Гүлзат дагы районго таанымал мыкты мугалимдерден. Ошондуктан, Кубаттын жеңүүчү болушу табигый көрүнүш дешет сынактын катышуучулары. Эң мыкты сабак өтүп, билиминин тереңдигин далилдеп, бардык номинациялар боюнча жогорку көрсөткүчтөргө ээ болуп эң көп упай топтогон Кубат жеңүүчү деп табылды жана раймамадминистрациянын диплому, баалуу сыйлыгы менен сыйланды, 25-26-апрелде болуучу обл устук кароо-сынакка жолдомо алды. 

Сайкалов Кубатка – I орунду жеңгендиги үчүн сыйлык тапшырууда

Жобого ылайык райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан эң мыкты сабактын автору К.Сайкаловго 2 500 сомдук, эң мыкты эрудит мугалим Б.Нарматов атындагы орто мектептен келген Т.Заиловага 1 500 сомдук, эң жаш катышуучу Б.Ходжаев атындагы орто мектептен келген Мухтарбек к. Замирага 1 000 сомдук баалуу сыйдыктар тапшырылды. 

Кароо-сынактын калыстар тобу иш үстүндө

Жалпы райондук кароо-сынакты  өткөрүүгө райондук комитет 37 625 сом бөлүнгөн. Кароо-сынактын бардык катышуучулары сыйлык катары РПКнын эсебинен жайкы сезондо Ысык-Көлдө кыска мөөнөттүү эс алууда болушары жарыяланды.

 

 

РПКны жетектөөчү адиси                                                                      

Б.Абдыразакова