Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

САЙКАЛОВ КУБАТ – ОБЛУСТУН МЫКТЫ МУГАЛИМИ

   Баткен шаарындагы Ленин атындагы орто мектепте 25-26-апрель күндөрү өткөрүлгөн облустук 2017-жылдын мугалими кароо-сынагында Баткен районундагы Ж.Турусбеков атындагы орто мектептин тарых мугалими Сайкалов Кубат Iорунду ээлеп, республикалык кароо-сынакка жолдомо алды.

    Кароо-сынактын жүрүшүндө Сайкалов Кубат сабак өтүүдөн 72,30,  эсседен 4, тесттен 40, партфолиодон 2, өзүн-өзү тааныштыруудан 4,90, педагогикалык кырдаалдан чыгуу боюнча 4,30, мастер класс көргөзүүдөн 4,50, хоббиден 5, жалпы 137 упай топтогон. Кадамжай районундагы Охна гимназия мектебинен келген мугалим Г.Эсенбаевадан 7,1 упай ашыкча топтогон. 

“Кароо-сынактын жүрүшүндө өзүн токтоо, жөнөкөй алып жүрдү. Ар бир номинацияда терең ойлонуп, жооп берип, билиминин тереңдигин, педагогикалык чеберчилигин көрсөттү. Жаш экендигине карабастан келечектен көптү үмүттөндүргөн педагог боло тургандыгына көрөрмандарды да, конкурсанттарды да, калыстар тобун да ынандырды”, - дейт Баткен облустук билим  берүү  усулдук борборунун кызматкери  Касымбек Жалилов.

Кубат! Ушундай темпиңден жазба, республикалык таймашта дагы жеңиш байрагын багынт, - демекчибиз биз дагы.  

 

Баткен РПКнын адиси                                                Б.Абдыразакова