Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өрнөктүү өмүр ээси



AлтаеваKарачач Aрыстамбаевна -1947-жылы Суусамырдагы Текши айылында жумушчунун үй-бүлөөсүндө туулган. Алгач, 7 жылдык «Красный пахарь» орто мектебинде билим алып, андан кийин Асыл-Баштагы 10 жылдык мектепте билим алган. Атасы Арыстамбай, айылдагы кадыр барктуу, жетекчи кызматтарда иштеген адам болгон. 1964-жылы 10-классты аяктап, ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик универ-ситетинин химия факультетинин студенти болгон.

 4-курста, Россия Федерациясынын Тула облусунун Щекино шаарындагы химкомбинатта практикадан өтүп, андан инженер деген адистигин алган.

1969-жылы окууну аяктап, инженер-химик жана химия мугалими адистигин алып, ошол эле жылы Ноокен районундагы №7 (азыркы №1 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби) Ленин-Жол орто мектебине жолдомо менен химия мугалими болуп ишке кирген. Мектепте химия мугалими, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

                                                                           Алтаева Карачач Арыстамбаевна

                                                                           үй-бүлөө мүчөлөрү менен.

                                                                                                                       1954-жыл

 

 

1965-жыл. Фрунзе ш. Студенттик кези.

 

                                                                  Алтаева К.А. 1969-жыл.

                                                                  Щекино шаарында практика учуру.

 

Мектепте мугалим болуп иштөөдө көптөгөн ийгиликтерди багындырып, өзү окуткан окуучулары райондук,областтык жана республикалык олимпиадаларда жеңишке жетишишкен.1991-жылы химия предмети боюнча райондук «Жыл мугалими» сынагына катышып, 1-орунду ээлеген жана областтык сынакта байгелүү орунга ээ болгон.

 

 1974-жылдан аталган мектепте кесиптик уюмдун төрайымы болуп шайланып, 1977-жылы кесиптик уюмдун тармактык  8 жана 9-курултайынын делегаты жана ВЦСПСнын 16 курултайынын делегаты  болгон. Ошол аралыкта 10 жыл Борбордук комитеттин мүчөсү, 1984-жылдары Ленин (Ноокен) райондук бюронун мүчөсү болгон. 

 

 Мына ушул ийгиликтерге жетүүдө, Карачач Арыстамбаевнанын өмүрлүк жолдошу Эргешов Мелис аксакалдын да орду чоң.  Алтаева Карачач Арыстамбаевна  эмгек жамаатында, коомдук иштерде активдүүлүгүн көрсөтүү менен чектелип калбастан, турмушта да өзүннүн мээрман эне, мээнеткеч аял экенин көрсөттү. 2 уул 2 кыздын бактылуу энеси. Уул-кыздары да ата-энесинин жолдоп ак эмгек менен өз өмүр жолдорун улантышууда. Карачач Арыстамбаевна азыркы учурда ардактуу эс алууда жүрсө да, анын кесиптик уюмда жүргүзгөн иши токтоп калган жок. Бул милдетти тун кызы  Эргешова Анара улантып, Ноокен районундагы №31 Ж.Татыкулов атындагы орто мектебинде кесиптик уюмду жетектеп келет. Апасынан жолун жолдоп, ал да өз эмгек жолунда көптөгөн ийгиликтерге жетише алды.

 

Учурда Карачач Арыстамбаевна ардактуу эс алууда, бирок дагы эле мээнеткечтигинен тайбай, өзүнүн эмгек жолундагы иш тажрыйбасын мектептеги жаш мугалимдер менен бөлүшүп, акыл насаатын аянбай келет. Карачач Арыстамбаевнанын көп жылдык үзүрлүү эмгеги жогору бааланып, 2014-жылы «Эл агартуунун ардагери» наамына татыктуу болду. 

Учурдан пайдаланып №1 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты, кесиптик уюму, Карачач Арыстамбаевнаны «Эл агартуунун ардагери» наамы менен куттуктап, ага чың ден-соолук, кажыбас кайрат, үй-бүлөлүк бакыт каалап кетебиз.

 

 № 1 Ж.Боконбаев  атындагы  орто  мектебинин  профкому   Шабданова Венера