Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өрнөктүү өмүр

Өмүрүн кесибине арнаган инсан жөнүндө сөз кылмакчымын. Алгач эмгек жолумду баштаганда эжекенин ар бир сөзү, кыймыл аракети мен үчүн чоң таасир берип турчу.Сөз башынан болсун:

Абдикаликова Пазилат 1954-жылы 15-февралда  Жала-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Жазы-Кечүү айылында жарык дүйнөгө келген. 1973-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын бүтүргөн. 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, 1980-жылы аяктаган.

Кыйын кезде жол тапкан,адашканга жол көрсөткөн, коомдун катаал мезгилинде өз кесибин таштабай эмгектенип келген инсан. Союз урап, эгемендүүлуккө жетсек дагы жакшы турмушту баштай албай, базар экономикасын эптей албай айлыктын аздыгынан  көп мугалимдер кесибин алмаштырып, соода менен алпурушуп айрымдары Россия тарапка бой урганда Абдикаликова Пазилат эжеке өз кесибин эч нерсеге алмаштырган жок. Бул кесипке кандай максат менен келсе ошол максатынан кайтпай, бала деп күйүп-жанып, педагогикалык идеалары күн санап бекемделип, чыңдалып келет. Мектепттеги иш бөлмөсү такатап айтканда предметтик каанасына баш бакканда китеп текчелеринде китептердин көптүгү, кандай суроо болбосун жооп табууга жардамчы  колдонмо китептер, газета-журналдар көзүңө биринчи урунат. Бул китептер менен көп сандаган материалдар эжекенин көп жылдык бешене терин, эмгегин агийнелеп турат. 1997-жылы кыргыз тили жана адабияты кабинети облустук кароо сынакта 1-орунду алган. 1994-жылы "Эл агартуунун мыктысы " төш белгиси менен сыйланган. 1993-2016-жылдары предметтик олимпиаданын шаардык турларынан 11 окуучу биринчи орундарды багындырышкан. Ал эми 1992-1998-жылдары областта 1-2-орундарды алып турушкан.

Коомдо алгачкы интерактивдүү усулдун, таяныч сигналдардын жол баштоочусу.Интернет, компьютерлердин жардамы жок деле көрсөтмө куралдарды  өз колу менен жасап окуучуларды билим менен сугарган.

Ал эми Пазилат эжекеден билим-тарбия, багыт, сунуш алып, жакшы кебин угуп, ак батасын алган окуучуларына сан жетпейт. Айтайын дегеним мектептеги насаатчы, жаш мугалимдердин кумирине айланган  эжеке профсоюз ишин алгылыктуу алып барууга өзүнун кеп-кеңешин педагог катары, кадыр-барктуу инсан катары дагы аябастан келет. Пазилат эжекеге чың ден-соолук, кажыбас кайрат каалап  64 кутман курагы менен куттуктайбыз!!! 

    

Элмира Эгизалиева