Республикалык кароосунун жеӊүүчүсү –«Мыкты мугалим -2017» Гран Принин ээси
Билим берүү тармагында кесиптик чыгармачылыкты өркүндөтүү, иш-тажрыйбаны жайылтуу, мыкты кесип ээлерин тандоо, алдынкыларды эмгектерин стимулдаштыруу үчүн 1990-жылдан баштап Ноокен райондо уюштурулуп келе жаткан «Мыкты мугалим» кароо-сынагы жылдан жылга деӊгээли жогорулап келүүдө. Быйылкы жылда кароого катышкандардын курамында мурдагы жылдарда катышкандардын болушу атаандаштыкты дагы күчөтүп кароону жогорку уюшкандыкта, акыйкат, сапатуу өтүшүнө шарт түздү.
Жыйынтыгында 2012-жылда республикалык кароодо байгелүү 3-орундун жеӊүүчүсү болгон №35 Ш.Суеркулов атындагы орто мектебинин химия мугалими Гран Приге татыктуу болуп, облустка катышуу укугуна ээ болду.1-орун №1 Ж.Боконбаев атындагы орто мектебинин мугалими-Мирзалиева Жаркынай, 2-орун №29 Я.Мирзаходжаев атындагы орто мектебинин мугалими Нурматова Гулназа, №10 Абдыразаков атындагы орто мектебинин мугалими Каримова Гулнара,3-орун №5 Токторбаев атындагы орто мектебинин мугалими Сыдыкова Майрам,№14 Губкин атындагы орто мектебинин мугалими Маражапова Айчурөк байгелүү орундарды ээлешип, райБББ менен райКБКнын атайын сыйлыктары менен сыйланышты.
Материалды даярдаган: Ноокен райКБКнын тескөөчүсү-А.Айдаров.