Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Республикалык олимпиаданын II туру Лейлек районунда

2018-жылдын 22-декабрында Лейлек районунун Исфана шаарындагы А.Навои атындагы орто мектебинде Республикалык олимпиаданын II туру болуп өтүү.

Олимпиаданы Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акимдин орун басары Ташполотова Марипат Жалиловна жана Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеемуратов Улукбек Имматовичтер ачып, катышуучуларга  ийгилик каалап, келечекте окуучулардан чоң жетишкендиктерди күтөөрүн айтышып, бардыгын келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттукташты.

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Саюнов Гапарбек Абдусалимович олимпиаданын жобосу менен тааныштырып, олимпиаданын жүрү тартиби тууралуу толук маалымат берди.

Олимпиадагы жалпысынан 216 окуучу катышып, жыйынтыгында III турга 27 окуучу катыша турган болду.

 

 

Материалды даярдаган Марина Сагалиева