Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тармактын профсоюз уюмдарынын ишмердиктерин жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүү, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана тармактык профсоюздун ролун күчөтүү жылын өткөрүү боюнча иш чаралардын планынын ишке ашырылышы боюнча маалымат

“Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты профсоюз комитети” райондук кароо-сынагы жарыяланган, жыйынтыгында иштелип чыккан жобого ылайык Чүй айылындагы №2 С.Ибраимов атындагы орто мектебинин жана Чүй айылындагы №1 “Байчечекей” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин профсоюз комитети алдыӊкы орундарга жетишип республикалык кароо сынакка жиберилди.

Ар бир профсоюз комитетинде профсоюз уюмдарынын ишмердиктерин жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүү,  алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана тармактык профсоюздун ролун күчөтүү боюнча түшүндүрүү иштерин уюштурулду. Өтүлгөн иш чаралар боюнча  БК сайтында мааламаттарды жиберилди.

Мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору жана профкомдор үчүн . ”Эмгек китепчелеринин толтурулушу” семинары уюштурулду жана семинардын жыйынтыгы боюнча жер жерлерде көзөмөл жүргүзүлүп  жыйынтыгы Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн аппараттык кеӊешмесинде, профкомдордун кеӊешмесинде  маалымат берилди.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун органдары менен жер-жерлерде социалдык өнөктөштүктү камсыздоо багытында тегерек столдор уюшутурлуду. Анын натыйжасында мугалимдерге “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 32 беренесинин негизинде жергиликтүү бюджеттен 75 сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Мындан тышкары жаныдан бүтүп келген жаш адистерге Чүй облусунан 32 000 сом бөлүнүп берилди. Мындан тышкары мугалимдердин потенциалын, билимин которуу максатында “Адилетүү келечек” коомдук уюму менен биргеликте “Идеалдуу мугалим” конкурсу уюштурулду. 15000 сомго китептер алынып берилип анын негизинде тестирлөө жүрүгүзүлдү жана жыйынтыгы менен 6 мугалимге 20000 сом акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

 

                         Төрага                                                                                С.Наматов