Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Региондорду өнүктүрүү жылында тармактын профсоюз уюмдарынын ишмердиктерин жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүү, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана тармактык профсоюздун ролун күчөтүү жылын өткөрүү боюнча иш чараларды жыйынтыктоо жаны жаны 2019-

“Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты профсоюз комитети” райондук кароо-сынагы жарыяланган, жыйынтыгында иштелип чыккан жобого ылайык Чуй айылындагы №2 С.Ибраимов атындагы орто мектебинин жана Чуй айылындагы №1 “Байчечекей” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин профсоюз комитети алдынкы орундарга жетишип республикалык кароо сынакка жиберилген, ал эми 14 башталгыч профсоюз комитети кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты. Кенешмеде кароо сынакка берилген материалдар менен иштеген комиссия мүчөлөрүнүн ой пикирлери кенири айтылып ар бир башталгыч профсоюз уюму кандай тартипте иш жүргүзүү боюнча маалыматтар берилди.

2019-жылдын иш планын кабыл алуу жана бекитүү боюнча кезексиз президиум чакырылып 2019-жылдын 12-февралында  Борбордук комитеттин иш планына ылайык түзулгон райондук профсоюз комитетинин иш планы бекитилип бардык башталгыч профсоюз уюмдарына таратылып берилди.  Иш пландын ар бир пункту боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, берилген суроолорго жооптор берилди. Ошондой эле  “2019-жыл-кесиптик бирлик комитеттеринин социалдык ишмердүүлүктөрүнүн натыйжалуулук жылы”  деп жарыялангандыгы жана “ Күчтүу профсоюз- татыктуу келечекке ишеним” атту девиздин алдында иш алып баруу милдети жана максаты коюлгандыгы айтылып өттү.

Ар бир профсоюз комитетинде профсоюз уюмдарынын ишмердиктерин жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүү, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана тармактык профсоюздун ролун күчөтүү жана андан ары улантуу иштери боюнча төрага С.Наматов маалымат берди.  

 

 

 

                                                                 Төрага                                                                             С.Наматов