Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Региондорду өнүктүрүү жылына карата мыкты профсоюз уюмунун төрагасы-2018” тармактык кароо-сынактын Ноокен

          Ноокен райондук комитеттин 2018-жыл иш планына ылайык “Мыкты  профсоюздук  уюмнун төрагасы - 2018” кароо-сынагы февраль айында  жарыяланып,  октябрь  айында жыйынтыкталды. Кароо-сынакка 6 балдар бакчасы жана 8 мектептердин баштапкы кесиптик уюмдары катышышты.                                                              

Атайын түзүлгөн комиссия  20-27-сентябрь  күндөрү баштапкы кесиптик уюмдарда болуп, аткарылган  иштер  жана кароо-сынактын шарттарын ордунда карап чыгышты. Комиссия  2-октябрь күнү жалпы  жыйынтыкты  чыгарып жеңүүчүлөр  аныкталды.

Жыйынтыгында балдар бакчалары боюнча:

  1. 1-орун № 3 “Мээрим” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы Момуналиева Назгүл Шакировна;
  2. 2-орун № 17 “Бостон” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы Алымкулова Бактыгул Жумашовна;
  3. 3-орун № 19 “Бахор” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы Жалалова Мархабо Садыкжановна;

Мектептер боюнча:

  1. № 30 Б. Дамашев атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы Аманбекова Жумагүл Абдирасуловна;
  2. № 14 Губкин атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы Төрөканова Айжамал Ырыскуловна;
  3. № 18 Молдалиев атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы Кулмурзаева Чынар Маратовна;

 

Ноокен рай КБКнын тескөөчүсү

Т. Бакиров