Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата мыкты профсоюз уюму жана төрагасы-2020”

Ноокен райондук комитеттин 2020-жыл иш планына ылайык “Мыкты  профсоюздук  уюму жана  төрагасы-2020” кароо-сынагы 2020-жылдын 27-январындагы Президиум кеңешмесинин №1/5 токтомунун негизинде жарыяланган. Ага ылайык кароо-сынакка райондогу 8 балдар бакчасы жана 10 мектептердин баштапкы кесиптик уюмдары катышышты.                                                        

Атайын түзүлгөн комиссия тарабынан профсоюздук уюмдарынын 2020-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылында аткарылган  иштерин карап чыгып, жыйынтыктары чыгарылды.

Жыйынтыгында балдар бакчалары боюнча:

  1. 1-орун № 2 “Ак куу” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик уюму, төрайымы  Дүйшөбаева Гулкайыр Топчубаевна;
  2. 2-орун № 11 “Ай нуру” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик уюму, төрайымы Мусабекова Танзила Залимбековна;
  3. 3-орун № 31 “Балапан” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик уюму, төрайымы Алымкулова Нурийла Бекмурзаевна;
  4. 3-орун №8 Казипа балдар бакчасынын баштапкы кесиптик уюму, төрайымы Темирбаева Тумаргүл;

Мектептер боюнча:                                  

  1. 1-орун №31 Ж.Татыкулов атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюму, төрайымы Сагынбаева Арапкан Адановна;
  2. 2-орун № 29 Я.Мирзаходжаев атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюму, төрайымы Абдурахимова Сурайё Абжамаловна;
  3. 3-орун №38 Тургунбаев атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюму, төрайымы  Эшиева Самара Бакытбековна;

Ноокен рай КБКнын инспектору

Т. Бакиров