Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы

2021-жылдын 16-апрелинде Кара-Суу районундагы «Батма эне» мектепке чейинки билим берүү уюмунда бала бакчалардын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрайымдарынын катышуусунда окуу-семинар болуп өттү.

Семинардын максаты: Баштапкы профсоюз уюмдарынын кесиптик ишмердүүлүгүн көтөрүү.

1.Даярдоо тайпасына тарбиячы Жумабай кызы Жазгүл «Моделдештирүү-конструкциялоо»,

2.Жогорку тайпага тарбиячы Калыева Гүласел «Айлан-чөйрө менен таанышуу»,

3.Ортонку тайпага тарбиячы Джумабаева Динара «Заттар менен геометриялык фигураларды салыштыруу»,

4.Кенже тайпага тарбиячы Бакыт кызы Махабат «Жапайы жана үй жаныбарлары»-деген темаларда ачык сааттарга кирген соң семинардын катышуучулары баштапкы профсоюз уюмунун каанасы, андагы жүргүзүлгөн иш кагаздары жана андагы туруктуу беш комиссиялардын аткарып жаткан жумуштары менен таанышышты. Ачык сааттарга талдоо, кеп-кеңештер, сунуштар берилгенден кийин эмгекти коргоо комиссиясы «Мезгилдүү жумуштарда иштеген кызматкерлер менен эмгек келишимин түзүү жана акы төлөнүүчү өргүү берүү»-темасында отурумду көрсөтүп беришти.

Семинарга Савай айыл аймагынын башкы адиси Акынбеков Абибилла, ата-энелер комитетинин өкүлдөрү келип семинардын катышуучуларына ийгиликтерди каалап, куттукташты. Билим берүүнүн сапатын көтөрүү максатында  тарбиячыларга жана башка эмгек жамаатына шарт түзүү, алардын укугун коргоо максатында райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Н.Исраилова эмгек келишимдери, акы төлөнүүчү өргүүлөр, тартиптик жазалар жана башка ушул сыяктуу төшөнбүгүн суроолорго жооп берип семинардын катышуучулары менен кенири пикир алмашуу болду.

Семинар-окуу профсоюз мүчөлөрүнүн  катышуусунда чакан концерттик программа менен аяктады.

 

Маалыматты даярдаган: К.Жоробекова