Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Райондун ардактуу инсандары менен жүргүзүлгөн иш

Тармактагы адептүүлүк жана укуктук маданият жылы боюнча өткөрүлүүчү иш чаралардын 4 пунктуна ылайык  Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу менен Чүй Токмок билим берүү бөлүмү биргеликте билим берүү кызматкерелринин “Ардагерлер кеңеши”   тобун түзүштү. Мында бүгүнкү күндө ардактуу эс алуудагы мугалимдер жана  билим  берүү мекемесинде иштеп жаткан ардактуу мугалимдер тартылышкан. Ардагерлер кеншинин негизги максаты билим берүү системасында иштеп жаткан жана азыркы күндө эс алуудагы ардагер мугалимдер менен карым катнашты улантуу, билим берүү  бөлүмүнүн, профсоюз кыймылыныны ишине жардамдарды көрсөтүү, жаш кадрларга стимул берүү  болуп саналат. Ардагерлер кеңеши 18 адамдан түзүлдү. Атайын жетекчи, катчы бекитилип иш план кабыл алынды. Ардагерлер кеңешинин бирден бир максаты улуу муун менен улам жаңыдан өсүп келе жаткан кесиптештердин ортосундагы байланышты күчөтүү, алардан методикалык, моралдык жардамдарды күтүү  болуп  эсептелинет.

Ардагерлер кеңешинин курамына  Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Абдрахманова С.Б.  Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалимдери Тепшибаева Р.Т, Кулишева Н.П, СССРдин билим берүүсүнүн отличниги Дүйшөналиева Р.А,  Кыргыз Республикасынын Президентинин ардак грамотасынын ээси Аттокурова У., Чүй облусунун “Кеменгер”  ардактуу наамынын ээси Абдылдаев Т.А.  жана башка билим берүү системасчына  40-50  жылдан ашуун өмүрүн арнаган билим берүүнүн мыкталыры тартылган. Бул адамдар  мектептерде профком, окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары, директор кызматын аркалашкан мугалимдер болуп саналышат. Ошондуктан алар менен опыт алмашуу, ойлорун угуу, сунуштарын кароо боюнча иштер жүргүзүлөт.  Мындан райондогу билим берүү системасына жакшы колдоо көрсөтүлөт деген ишеним чон. Бул иш чара Чүй райондук мамлекеттиук администрация тарабынан дагы жактырылды.

Райондук профсоюз комитети “Мугалимдер күнү”, “Карылар күнуү”, “Профсоюз күнү” майрамын утурлай ардагерлер кеңеши менен  биргеликте чай үстүндө  маек куруп аларга профсоюз тарабынан майрамдык маанайлар, белектерди  тартуулады.

 

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы Наматов С.Ж.