Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Райондук уюмдун пленуму өткөрүлдү

Баткен районундагы  Бужун орто мектептин жыйындар залында 2015-жылдын 26-декабрында райондук комитеттин кезектеги Пленуму болуп өттү. Пленумга райондук комитеттин, райондук текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү, таяныч мектептердин жана балдар бакчаларынын директорлору, кесиптик бирликтин облустук жетекчилери катышышты.

            Күн тартибинде төмөнкү маселелер талкууланды:

  1.  “Райондун жалпы билим берүү  мекемелеринде  “Билим берүү мекемелеринде жана кесиптик бирлик уюмдарында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жана “Кыргыз Республикасында эмгектик мамилелер тармагында социалдык өнөктөштүк жөнүндө”     мыйзамынын  талаптарына ылайык социалдык өнөктөштүктү уюштуруу аркылуу педагогикалык жана көмөкчү кадрлардын эмгегин коргоо иштеринин абалы жөнүндө” (баяндамачы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Президиум мүчөсү О.Мажилимов  ).

 

  1. “Кесиптик бирлик мүчөлөрүнөн түшкөн кесиптик бирлик взносторун бөлүштүрүү тартиби жөнүндө (баяндамачы Ү.Тажибаев) .                                                                     

            Пленум аталган маселелер боюнча милдеттерди аныктаган токтом кабыл алды.

 

 

Билим беруу кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин Баткен

райондук комитетинин жетектөөчү адиси                                         Б.Абдыразакова