Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Райондук профсоюз комитетинин демөөрчүлүгү менен спорттук мелдештер өткөрүлдү

 

  • Чолпон-Ата. Билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенишкен районубуздун ардактуу атуулдары Иманалиев Белек Иманалиевич (мурда РК профсоюздун төрагасы болуп иштеген) жана Атаев Токтосун Атаевичтердин жаркын элесин эскерүү максатында райондогу мугалимдер арасында спорттук спартакиада өткөрүү боюнча демилге көтөрүлүп, ал ишке ашырылып жатат. Атайын жобо иштелип чыгып ал райондук билим берүү бөлүмү жана райондук профсоюз комитети тарабынан бекитилген.

Бекитилген Жободо Б.Иманалиев жана Т.Атаевдин билим берүү жаатында жүздөгөн окуучуларды окутуп-тарбиялап өстүргөн эмгегин жыл сайын эскерип туруу максатында райондо спортту массалык иштерге айландыруу максатында райондук  билим берүү бөлүмү жана райондук профсоюз комитети, мектеп, мектептен сырткары мекемелер, окуучулар жана муга­лимдер арасында жыл сайын бул спартакиаданы өткөрүүнү адатка айландыруу максатында иш алып барышууда.

Жакында мугалимдер арасындабул мелдеш жогорку денгээлде өткөрүлдү. Волейбол боюнча эркектер командасынан 1-орунду Ананьево зонасынын командасы, 2-орунду Тамчы зонасынын, 3-орунду Жаркымбаев зонасын, аялдар командаларынан 1-орунду Григорьевка, 2-орунду Киров атындагы, 3-орунду Ананьево мектептеринин курама командалары ээлешти. Мини футбол боюнчаКорумду зонасынын, 2-орунду Кара-Ой, 3-орунду Бостери зона­сынын командалары жеӊип алышты. Шахмат боюнча эркектер жана аялдар арасында мелдештин жеӊүүчүлөрү да аныкталды.

Мелдештин жеӊүүчүлөрүнө Б.Иманалиевдин, Т.Атаевдин үй- бүлөлөрү жана райондук профсоюздук комитети ар бири 10 миӊ сомдон чыгарышып, бардыгы 30 мин сом баалуу белектер ыйгарылды.

 

Э.Шаршалиев, Ысык-Көл райондук профсоюз комитетинин төрагасы.