Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Райондук мугалимдер күнү зор салтанат менен белгиленди

     Ысык-Көл областындагы Ак-Суу районунун Билим берүү  кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара райондун борбору Теплоключенка айылынын Маданият үйүндө 6-октябрда белгиленди.

     Иш-чаранын катышуучуларын «Боз Салкын» элдик ыр-бий ансамблинин өнөрпоздору ыр-күүлөр менен куттукташып майрамдын ачылышын шанга бөлөштү. Жыйындын башталышында сөз КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл  областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары  Үсөнова Элмира Валентиновнага берилип, ал областта өткөрүлгөн Билим берүү кызматкерлеринин күнүн белгилөө салтанатына 500дөй мугалим чакырылып, 200 мугалимге грамота, сыйлыктар тапшырылганын жана мугалимдин эмгеги өтө зор, баа жеткис экенин, дайыма колдоого даяр экендигин айтып өттү.

     Ак-Суу районунун акими Дөкөнбаев Улан Ишенбаевич катышуучуларды куттуктоо сөзүн мугалимдерге арналган ыр саптары менен баштады. Билим берүү кызматкерлеринин районубуздагы айылдарга донордук уюмдардан долбоорлорду утуп алышып мектептердин,бала бакчалардын материалдык-техникалык абалын жакшыртууга зор өбөлгө түзүшүп, райондун коомдук саясий жашоосуна зор салым кошуп келе жатышкандыктарын белгилеп, ыраазычылык билдирди.

     Мугалимдерге колдоо көрсөтүү максатында районубузда ипотекага көп көңүл бурулуп билим берүү кызматкерлери үй менен камсыз болуп жатышканын, Ысык-Көл жээгиндеги менчике өтүп кеткен «Асыл» пансионаты кайра алынып, билим берүү кызматкерлери үчүн  ишке кирип жатканын кубануу менен белгиледи жана эмгек алдынкыларына райондук мамлекеттик администрациянын грамота, сыйлыктарын тапшырды.

     Ошондой эле районубуздагы билим берүү кызматкерлеринин майрамы менен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Темиралиев, областык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун бөлүм башчысы С.Ишенбаев, билим берүү кызматкерлеринин райондук профсоюз комитетинин төрагасы Э.Садабаев, райБББнүн башкы адиси А.Шамиев жана Ак-Суу районундагы 14 айыл округ башчылары куттуктап, алдыңкы мекемелерге, мугалимдерге  тиешелүү сыйлыктарын  тапшырышты.

 

                                                     Айжан Төрөева,

 Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин башкы адиси.