Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

РАЙОНДУК КОМИТЕТТИН ПЛЕНУМУНДА ТАРБИЯЧЫЛАРДЫН ЭМГЕГИН КОРГОО МАСЕЛЕСИ КАРАЛДЫ

 

Баткен районундагы Балдар чыгармачылык үйүнүн жыйындар залында 2014-жылдын 26-декабрында Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин  Пленуму болуп өттү. Пленумга райондук комитеттин мүчөлөрү, кесиптик бирликтин облустук кеңешинин жана облустук комитеттин төрагалары, раймамадминистрациянын мониторинг жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси, мектепке чейинки билим берүү борборлорунун директорлору жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары катышышты.

         Райондук комитеттин Пленумунда“ Райондун мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде КР “Мектепке чейинки билим берүү  жөнүндө” мыйзамынын жана башка ченемдик-укуктук актылардын талаптарына ылайык педагогикалык жана көмөкчү кадрлардын эмгегин коргоо иштеринин абалы жөнүндө” деген маселе каралып, райБББнын башчысынын орун басары, райондук комитететтин мүчөсү О.Мажилимов баяндама жасады.

         Жарыш сөзгө чыккан жолдоштор аталган маселе боюнча өз ойлорун ортого салышып, райондук комитеттин жана билим берүү бөлүмүнүн мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги кызматкерлердин эмгегин жана укугун коргоо боюнча иштериндеги ийгиликтер жөнүндө айтышып, чечилбей жаткан көйгөйлөр жөнүндө өз сын-сунуштарын, каалоо-тилектерин билдиришти. Кесиптик бирликтин  облустук кеңешинин төрагасы А.Казаковдун, тармактык облустук комитеттин төрагасы З.Бөтөкөвдун, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Зайитовдун  ж.б. чыгып сүйлөгөн кесиптик бирлик активисттеринин, директорлордун сөздөрүндө мектепке чейинки билим берүү кызматкерлеринин укугун коргоодо учурда республикада, облуста жана райондо аткарылып жаткан иштер, чечүүнү талап кылган көйгөйлөр жана алдыдагы милдеттер курч коюлду. Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин төрагасы Т.Жумаев көтөрүлгөн маселе жана айтылган сунуштар боюнча райондук комитеттин позициясын  билдирип, сөз сүйлөдү.

     Пленумдун катышуучулары тарабынан коюлган көйгөйлүү маселелер төмөнкүлөр:

-       Жыл сайын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин мыкты тарбиячыларынын конкурсун өткөрүп туруу жөнүндө райБББнын коллегиясына жана РКПнын Президиумуна сунуш киргизүү;

-       Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институттары менен макулдашып, Баткен шаарында тарбиячылардын курстарын өткөрүү ;

-       КР Билим жана илим министрлигине Баткен мамлекетик университетине караштуу Баткен шаарындагы Гуманитардык-экономикалык колледжде башталгыч класстын мугалими кошумча мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы адистигин даярдоону уюштуруу боюнча сунуш жөнөтүү;

-       КР Билим жана илим министрлигине райББнын курамында усулкана ачуу менен мектепке чейинки билим берүү мекемелери менен иштей турган усулчу штатын киргизүү;

-       КР Билим жана илим министрлигине мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячыларынын кызмат акыларын жалпы орто билим берүүчү мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдеринин кызмат акысына теңештирүү;

-       Мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу менен камкордук көрүү кеңештеринин иштерин мыйзамдуу жол менен уюштурууга көмөк көрсөтүү.

 

Пленум коюлган маселе боюнча катышуучулардын жогоркудай сунуштарын жана ой-пикирлерин эске алуу менен токтом кабыл алды. Ал көйгөйлөрдү биргеликте чечүү үчүн иш аракеттерди тездетүүнү сунуштаган кат Баткен райондук мамлекеттик админисрациясына жана Баткен райондук билим берүү бөлүмүнө жөнөтүлдү.

 

Билим берүү  кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин  Баткен

райондук комитетинин  жетектөөчү адиси                         Б.Абдыразакова