Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Райондук комитет - Жалпак-Ташта

     Жаз мезгили келээри менен өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында жаратылыш кырсыктары жүз берип, элдин да, Өкмөт жетекчилердин да айласын кетирди. Мына ошондой жаратылыш кырсыктарынын орчундууларынын бири Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү жер көчкү. 61 үй, айылдагы социалдык обьектилер  жер көчкү алдында калды.  Ал 61 үйдүн ичинен 16 үй билим берүү кызматкерлеринин үйлөрү. Башкача айтканда К.Калмурзаев атындагы орто мектебинде жана «Курбу-Таш»  бала бакчасында эмгектенген кызматкерлер. 2017-жылдын 23-май күнү билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Өзгөн райондук комитетинин төрагасы И. Мырзамидинов жана райондук комитеттин президиум мүчөлөрү, үйлөрүн көчкү басып калган билим берүү кызматкерлеринен кабар алып, ар бир үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөттү.

      Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин көрсөткөн колдоосуна, жардамына К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин организатору А. Төрөжанов, баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы С. Отонбаева, айылдык Кеӊештин депутаты  А. Акулов жолдоштор педагогикалык жамааттын жана жапа чеккен үй-бүлөөлөрдүн атынан ыраазычылыктарын билдиришти.