Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Райондук «Жылдын мыкты ийрим мугалими -2018» сынагы

«Жылдын мыкты ийрим  мугалими -2018»  сынагынын  райондук туру Алай райондук балдардын чыгармачылык  борборунда 2018-жылдын  12-апрелинде  өткөрүлдү.

Сынак   Алай райондук балдардын чыгармачылык  борбору тарабынан  уюштурулуп, сынактын райондук туруна  жеңүүчү  болушкан 9 ийрим  мугалимдери  катышышты.

Райондук  сынакка  Алай  райондук профсоюз  комитетинин төрагасы А.К.Абдыкадыров, усулчулар  Н.Кадырова, Ж.Сулайманов,  балдардын чыгармачылык  борборунун директору Г.Калдыбаевалар  катышып сынактын  катышуучуларына  ийгилик каалашты.

Сынактын  жыйынтыгында  №9 А.Ысманов атындагы  орто  мектебинин  англис тили  мугалими  Бекташова  Инабат  «Гран при» сыйлыгына, №36 Б.Нарматов  атындагы  орто  мектебинин  музыка  мугалими  Ормонова Гүлгака  1-орунду,  №26  А.Бекташов  атындагы  орто  мектебинин  биология мугалими  Аматова  Элиза 2-орунду, райондук балдардын чыгармачылык  борборунун  край таануу  ийриминин  жетекчиси Караева Шайыркан 3-орунду   элешип,  «Гран при»  сыйлыгын  алган  Бекташова  Инабат Ош  шаарында  өтүлө  турган  облустук  сынакка  жолдомо  алды.

Сынактын  жыйынтыгында жеңүүчү  деп  табылган  мугалимдерге  Алай  райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  жана  билим  берүү  кызматкерлеринин  райондук  профсоюз  комитетинин  Ардак  грамоталары  жана  Алай райондук балдардын чыгармачылык  борбору тарабынан  балуу  белектер  берилди.  Ошондой  эле  «Гран  при»  сыйлыгын  алган  Бекташова Инабат  билим  берүү  кызматкерлеринин  профсоюз  комитетинен 10 күндүк  дем  алуу  путевкасына  ээ  болду.

 

Акылбек Куна  уулу, Билим берүүнүн жана профсоюз кыймылынын отличниги