Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Райондук «Жыл мугалими -2019» сынагы

15-апрелде  Алай  районундагы  №4  Кадырмамат  уулу  Абдыразак  атындагы  лицей  интернатыда  райондук «Жыл мугалими -2019» сынагынын  райондук  түрү жыйынтыкталды.

Райондук  сынакка  3 зонадан жеңүүчү  болуп  келген 9 конкурсант катышып Жобого  ылайык  сынак  тапшырмаларынан  өтүштү.

Сынакта  А.Тойгонбаева (М.Ташиев атындагы орто мектеби), Б.Качкынбаева (К.Султанов атындагы орто  мектеби), М.Култаева (Ы.Мону  уулу атындагы  орто  мектеби), У.Абжалиев (Парманас  атындагы  орто  мектеби), Жеңишбек к А. (К.Тайчабаров атындагы  орто мектеби),  А.Кебекова (К.у.Абдыразак атындагы лицей-интернаты), өздөрүнүн  мыкты  педагогикалык  чеберчиликтерин  көргөзүшүп, ишмердүүлүктөрүн  жаш  адистерге  тартуулашты.

Финалдык  турдун  жыйынтыгы  менен  III орунду  Ж.Алимов  атындагы  орто мектебинин  информатика  мугалими Акылбек  кызы  Назгүл, II орунду И.Адишев  атындагы  орто  мектебинин  информатика  мугалими  Бекташова  Элира  камсыздаса,   I орунду Токтогул атындагы  орто  мектибинин  физика  мугалими Садирбек  кызы Самаргүл камсыздап,  райондук  «Жыл  мугалими -2019» наамын  жеңип  алды.  Райондук сынактын  жеңүүчүлөрүнө жана  активдүү  катышуучуларына  билим  берүү  бөлүмүнүн атынан усулдук  кабинетинин  башчысы  А.Тажаматов, райондук  профсоюз  комитетинин  төрагасы А.К.Абдыкадыровдор  Ардак  грамоталарды  жана  профсоюз  комитетинин  атынан  атайын  сыйлыктарды  тапшырышты.

Ошондой  эле  билим  берүү  кызматкерлеринин  райондук  профсоюз  комитетинин  төрагасы А.К.Абдыкадыров «Жыл  мугалими -2019» сынагынын  жеңүүчүсү Садирбек кызы Самаргүлгө «Жалал-Абад» санаториясына  атайын  жолдомо  тапшырды.

Бурканбай  уулу А.  усулчу,

Абдыкадыров А. Алай  райондук

 профсоюз  комитетинин  төрагасы