Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Райондук Спартакиаданын финалдык этабы жыйынтыкталды

2022-жылдын 16-апрелинде Өзгөн районундагы билим берүү кызматкерлеринин 30-спартакиадасынын райондук этабы Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагындагы А.Таңатаров атындагы интернат-гимназиясында өткөрүлдү. Спартакиаданын райондук этабына Жазы, Куршаб, Мырза-Аке аймактарындагы аймактык мелдештерде спорттун волейбол, ордо, стол тенниси, тогуз коргоол, шахмат түрүнөн I, II орундарды ээлеген командалар жана жеке оюнчулар катышты.

Мындан сырткары спорттун кичи футбол түрүнөн Өзгөн районундагы Жазы, Куршаб, Мырза-Аке аймагындагы билим берүү кызматкерлеринен куралган эркектер курама командалары күч сынашты.

Билим берүү кызматкерлеринин 30-спартакиадасында спорттун 6 түрүнөн жеңишке жетишкен командалар жана жеке оюнчулар Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин I, II, III даражадагы дипломдору, кубок жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Ошондой эле билим берүү кызматкерлеринин 30-спартакиадасына катышкан бардык командаларга жана жеке оюнчуларга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Өзгөн райондук прфосоюз комитети