Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Райондук окуу-семинар

2022-жылдын 14-сентябрында Алай районундагы №1 М.Адышев атындагы мектеп- гимназиясында Билим жана илим кызматкерлеринин Ош областтык профсоюз комитети менен биргеликте областтык окуу-семинар болуп ѳттү.

Окуу-семинардын ишине райондогу мектептердин, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору, профсоюз уюмдарынын жетекчилери, райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысы жана эсепкана кызматкерлери катышышты.

Окуу-семинарды областтык профсоюз комитетинин уюштуруу бѳлүмүнүн башчысы М.Аттокуров, укук жана эмгекти коргоо боюнча башкы инспектору Э.Т.Ажиматов жана Алай райондук профсоюз комитетинин тѳрагасы А.К.Абдыкадыров менен биргеликте уюштурушуп, алып барышты.   

Окуу-семинарда иш берүүчүлѳр менен кызматкерлердин укуктары жана милдеттери, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо, кызматкерлердин эмгек акылары жана тарификация, социалдык ѳнѳктѳштүктү ѳнүктүрүү, окуу жүктѳмдѳрүжана башкакызыккан маселелер боюнча суроо-жооптор болуп талкуулар жүргүзүлдү. 

 

Маалыматты даярдаган: Алай райКБКнын тѳрагасы А.К.Абдыкадыров