Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Райондук конференция жакшы маанайда жыйынтыкталды

Үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрында билим берүү жана илим кызматкерлеринин     Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин IX отчеттук-шайлоо конференциясы Ак-Суу айылындагы Киров атындагы орто мектебинин жыйындар залында болуп өттү. Конференциянын ишине Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Темиралиев, Түп, Тоӊ, Ысык-Көл райондук профсоюз комитеттеринин төрагалары М.Сыдыков, Н.Урманбетов жана У.Урбаевдер катышышты. Конференцияда райондук профсоюз комитетинин төрагасы Э.Садабаев беш жылда аткарылган иштер боюнча отчеттук доклад менен чыгып сүйлөдү. Жарыш сөзгө чыгышкан делегаттар райондук профсоюз комитетинин жүргүзүп жаткан уюштуруучулук иштерине кеӊири токтолушуп жакшы иштер турмушка ашырылып жаткандыгын баса белгилешти. Өзгөчө жергиликтүү бийлик органдары, айылдык кеӊештин депутаттары менен биргеликте мектептерди, бала бакчаларды колдоого алууда райондук профсоюз комитетинин демилгеси менен көптөгөн жергиликтүү маанидеги долбоорлор ишке ашырылып, мугалимдердин жашоо турмушуна көӊүл бурулуп жаткандыгы айтылды. Делегаттар райондук профсоюз комитетинин беш жыл ичинде аткарган иштерине канагаттандырарлык деген баа беришти жана төрагалыкка кайрадан Садабаев Эсен Ракымовичти бир добуштан шайлап алышты. Конференцияда Борбордук комитеттин төрагасы А.Токтогулов кеӊири сөз сүйлөп билим, илим профсоюзунун борбордук комитетинин бүгүнкү күндөгү жүргүзүп жаткан иштерине токтолуп, баштапкы уюмдардын ролун баса белгиледи. Райондук отчеттук-шайлоо конференциясы жакшы маанайда өз ишин жыйынтыктады.

 

 

 

Жибек Жунушева, Ак-Суу райондук профсоюз

комитетинин кызматкери