Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Раатбек Санатбаевке арналган Эл аралык иш-чара

2019-жылдын 7- 8-июнь  күндөрү  Жалал-Абад  облусундагы  Сузак  районунун №10 «Көгарт” мектеп  гимназиясынын  базасында белгилүү  спорт  чебери, грек-рим  күрөшү  боюнча дүйнөнүн  чемпиону  маркум  Раатбек  Санатбаевтин жаркын  элесине  арналган  эл  аралык  турнир бөлүп  өттү. Турнирге  Өзбекстан, Таджикистан, Казакстан жана кыргызстандын  спортчулары  катышты.

Турнирдин  катышуучуларына Кыргыз  Республикасын билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин Борбордук  Комитетинин төрагасы  А.Т.Токтогуловтун  кутуктоосун  жана   белегин  Жалал-Абад  обкомунун  төрагасы   А.А.Исмаилов спортчуларга  жакшы  каалоолорун  билдирип  тапшырды. Турнир  жогорку  уюшкандыкта  жана  атаандаштыка өттү.

Мектептин математика  мугалми  Гулмира  Эшигееванын  Р.Санатбаевтин  жаркын  элесине  арналган  ыры:

Жаркылдап  чагылгандай,

Жарык  маанай  жүрчү  элең.

Желегин Кыргызстандын, 

Желбиретип турчу элең.

 

Мекенди сүйчү  элең, 

Мелдештерде ар  качан.

Маарага  чыкчу  элең,      

Менменсинген  далайларды, 

Мүдүрүлтө  жыкчу  элең.

 

Мекениңди  тааныттың  кең  ааламга,

Ийгиликтерди багынттың  Кыргызстанга.

Кыска  экен  өмүрүң аттиң  арман,  

Жеңиштериң  жашайт дайым бизде  калган.

 

Сен тирүүсүң  биз  менен-Мекен уулу,

Сен тирүүсүн  биз  менен-Чебер уулу.

Сен  тирүүсүн  биз  менен-Кыргыз  уулу.

 

Материалды даярдаган: 

Обкомдун  инпектору

А.Айдаров