Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюзга мүчө болушуңар менен куттуктайбыз!

Ош мамлекеттик университетине өлкөбүздүн жогорку окуу жайларынын ортосунда кабыл алынган Ош декларациясынын алкагында Кыргызстандын жети дубанындагы ЖОЖдордон келип, ички мобилдүүлүк боюнча окуп жаткан студенттер профсоюзга мүчөлүккө кабыл алынышты. ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы, доцент Абдижапар Аккулов аларды келе жаткан Жаңы Жыл менен куттуктап, каалоолорун айтып, ОшМУ силердин мындан аркы жашооңордо мааниге ээ болот деген ишенимибиз бар, бул профсоюздук билеттер турмушка путевка катары дайыма жаныңарда болсун деген сөздөрү менен профсоюздук билеттерди тапшырды.

Иш-чаранын алкагында проректор Абдыганы Осмонович студенттер менен жолугушуп, аларды профсоюзга мүчө болуштары менен куттуктап, окуу жайдын жетишкендиктери, эл аралык байланыштары, академиялык мобилдүүлүк ж.б. боюнча кыскача маалыматтарды берди. Профсоюз комитети мобилдүүлүк программасынын алкагында келген студенттерге ар дайым кам көрүп келе жаткандыгын баса белгилеп коюу зарыл. Студенттердин көпчүлүгү төрт маал ысык тамак менен камсыз болушуп, ден соолуктарын чыңап, студенттик профлакторийдин кызматынан дайыма пайдаланып келе жатышат. Бул үчүн Абдыжапар Ураимовичке эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жана мобилдүүлүк программасы боюнча окушкан жалпы студенттердин атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Конок студенттерибизди профсоюзга ОшМУнун студенттериндей эле шартта кабыл алып, билеттерди тапшыруу идеясын дагы ушул агайыбыз көтөргөн. Эми бул профсоюздук билеттер менен студентерибиз Кыргызстандын бардык жеринде өздөрүнүн социалдык укуктарын коргоп, кесиптик кошуундун кызматтарынан кенен пайдалана алышмакчы деп баса белгиледи.

ОшМУнун басма сөз кызматы.