Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздун Сузак райкомунун кезектеги Пленуму өттү

       2017-жылдын 26-апрелинде №5 Бабур атындагы гимназия орто мектебинин имаратында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Сузак райондук комитетинин кезектеги Пленуму болуп өттү.

         Пленумдун иши Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына жаңыдан дайындалган А.Бечеловду кызмат орду менен куттуктоо жана профактивди Ардак грамоталар менен сыйлоодон башталды.

         Пленумда төмөндөгү маселелер каралды:

  1. Уюштуруу маселеси, Пленум мүчөлөрүнүн курамын толуктоо.
  2. №5 Бабур атындагы гимназия орто мектебинин профсоюздук баштапкы уюмунун билим берүү кызматкерлеринин укуктук, социалдык экономикалык кызыкчылыктарын коргоо боюнча жана республикалык тармактык профсоюздун  VI съездинин чечимдерин турмушка ашыруу жаатында коопсуз эмгек шарттары менен камсыз кылууну, коомдук көзөмөлдөөнү уюштуруу тажрыйбасы жөнүндө
  3. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин 2016-жылдын июнь айынан 2017-жылдын май айына чейин аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматы;
  4. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин жаңы Жобосун бекитүү жөнүндө;
  5. Ар түрдүү маселелер;

 

Каралган маселелер боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынды

Профсоюздун Сузак райкомунун

 басма сөз катчысы: З.Киргизбаев