Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздун Майлуу-Суу шааркомуна практикалык-методикалык жардам көрсөтүлдү

Курамы профсоюздун обкомунун президиумдун мүчөлөрү, обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов, профсоюздун Аксы райкомунун төрагасы А.Бабакулов, профсоюздун Кара-Көл шааркомунун төрайымы А.Каракозуева жана обкомдун текшерүү комиссиясынын төрагасы К.Сыргабаевдерден турган топ тарабынан 17-18-май күндөрү шааркомго (төрайымы Б.Джураева) практикалык-методикалык жардамдар көрсөтүлдү.

Алгач профсоюздун шааркомунун жалпы документациялары менен таанышкан соң шаардагы №4 Гагарин атындагы орто мектептин (директору Е.Б.Дубинина, профкомдун төрайымы Миңгазева), «Гнездышка» балдар бакчасынын (директору Г.Батырбекова, профкомдун төрайымы Ж.Иманова), №8 орто мектептин (директору А.Мамырбаева, профкомдун төрайымы А.Карапашова) профсоюздук иштерин көрүп чыгышып, толук маалымат алышты.

Алгылыктуу жактарын улантуу, айрым кетирилип жаткан мүчүлүштүктөрдү четтетүү боюнча иштиктүү сунуштар берилди.

Мындай практика башка райшааркомдордо да улантылмакчы.

 

                                                 Обкомдун уюштуруу бөлүмү