Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздун республикалык жетекчилигине ыраазычылык

Жалал-Абад областына караштуу Ноокен районундагы №30 Байзак Дамашев атындагы орто мектебинин  профсоюздук уюму (директору М.Бакиров, профсоюз  уюмунун төрайымы Ж.Аманбекова) Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Борбордук Комитети тарабынан 2018-жыл  Региондорду өнүктүрүү жылына карата  жарыяланган “Мыкты  профсоюздук  уюмунун төрагасы - 2018” кароо-сынагында райондук, областык  жана республикалык кароо сынакта гран принин ээси  болуп табылып, райондук, областтык  жана Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Борбордук Комитети  тарабынан  диплом жана  бир канча балуу  белектер  менен сыйландым.

Бул ийгиликке жетишибизге түздөн-түз жардам берген, мектеп директору М. Бакировго, социалдык өнөктөш катары материалдык – техникалык  баазасынын чындалышына чоң салым кошкон айыл аймактын башчысы Ш. Алыкуловго  Жалал-Абад областтык комитеттин төрагасы  А.Исмаиловго, Ноокен райондук комитеттин төрагасы К.Нышановго өз ыраазычылыгымды билдирем.

Ошону менен бирге кароо-сынак жогорку деңгээлде уюштурулуп, ачык-айкын, адилеттүү өттү деп баса белгилеп кетким келет.

Борбордук Комитеттин төрагасы Асылбек Токтогуловичке мыкты жетекчи катары, профсоюздук тармагыбыздын атасы катары терең ыраазычылыктар билдирип, кирип келе жаткан жаңы жылыңыз менен өзүмдүн атымдан, үй бүлөмдүн жана мектеп жамаатыбыздын атынан куттуктайм. Сизге бекем ден-соолук, үй-бүлөңүзгө тынчтык жана аманчылык, профсоюздук ишмердүүлүгүңүздө  көп-көп ийгиликтерди  каалайм.

 

 

 

Материалды даярдаган

№ 30 Б. Дамашев атындагы орто мектебинин

профсоюздук уюмунун төрайымы  

Аманбекова Жумагүл