Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздун Ноокен райондук комитетинин 6 – Пленуму өттү

2019-жылдын 20-апрель Ноокен районунун №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинин жыйындар залында Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин 6-Пленуму болуп өттү.

Пленумга райондук комитеттин мүчөлөрү, текшерүү комиссиясынын  мүчөлөрү  жана мектептердин,  бакчалардын директорлору  балдар спорт мектебинин, балдар чыгармачылык үйүнүн жетекчилери,  райБББнүн адистери, ардагер мугалимдер жана баштапкы кесиптик уюмдун төрагалары катышышты.  

Пленумдун жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды.                                                      

  1. Билим берүү кызматкерлеринин социалдык - экономикалык маселелерин чечилишиндеги Ноокен райондук комитети жана социалдык өнөктөштөрдүн биргелешкен иш аракетери менен 2018-жылда аткарылган иштер жөнүндө төрага    К.Нышановдун маалыматы.   
  2. Райондук комитеттин туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
  3. Уюштуруу  маселелери. 

Пленумдун жүрүшүндө билим берүү тармагында көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенген жана азыркы учурда ардактуу эс алуудагы билим берүү кызматкерлери “Ноокен районунун билим берүүнүн ардагери” төш белгиси жана баалуу белектер   менен сыйланышты.

 

Ноокен рай КБКнын инспектору

  Т. Бакиров