Центральный комитет профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики

Центральный комитет профсоюза

работников образования и науки Кыргызской Республики

Профсоюз в регионах

Профсоюздун кесиптик майрамы белгиленди.

2020-жылдын  19-октябры  күнү Жалал-Абад  шаарындагы  “Салтанат” ресторанында  Билим  жана  илим  кызматкерлеринин   профсоюзунун  Сузак райкому “Профсоюз-биздин таянычыбыз” темасында профсоюздун  кесиптик  майрамына  карата  иш-чара  өткөрдү. Майрамдык  аземге  Жалал-Абад  обкомунун  төрагасы А.Исмаилов  обкомдун  жооптуу  кызматкерлери  менен,  райБББнун  башчысы Усенов Т.Ж, ардагерлер, профсоюздук активисттер катышышты. Иш-чараны райкомдун инспектору  Э.Аназаров  ачып, куттуктоо  үчүн  сөздү  райБББнун   башчысы  Т.Ж.Усеновко  берди. Сөзүндө  пандемия   шартында  райондун   профсоюз  уюму менен  аткарылган  иштерге  токтолуп,  жакшы  каалоолорун   билдирди.   Куттуктоо үчүн  сөздү  обкомдун  төрагасы  А.Исмаиловко  берилди, ал   катышуучуларды  майрам  менен  куттуктап, обкомдун  сыйлыктарын  тапшырды. Сузак райкому  тарабынан  даярдалган  “Профсоюз- биздин   таянычыбыз”  темасындагы  видео тасмасы  көрсөтүлүп,  райкомдун  пандемия  шартында  өткөрүлгөн  иш-чарлары  жөнүндө  маалыматтар  берилди. Катышуучулардан  ардагерлер, профсоюз  активисттери  сүйлөшүп,  Борбордук  Комитетке,  обкомго  жана  райкомго  ыразычылыктарын  билдиришти. 

 

Материалды  даярдаган  обкомдун  инспектору:   А.Айдаров.