Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздун күчү - ынтымак жана биримдикте

2021-жылдын 29-апрелинде билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Аксы райондук ХХ конфеенциясы Кербен шаарынын Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин  жыйындар залында болуп өттү.

Конферецияга Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов, билим жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы А.А.Исмаилов, 95 делегат, чакырылган меймандар, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү  катышышты.

Конференциянын күн тартибинде төмөнкү маселелер талкууланды:

1. Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Аксы райондук комитетинин 2016-2020-жылдарда аткарган иштери тууралу отчету жөнүндө.

2. Райондук текшерүү комиссиясынын отчету.

3. Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Аксы райондук комитетинин курамын бекитүү.

4. Райондук текшерүү комиссиясынын курамын бекитүү.

5. Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Аксы райондук комитетинин төрагасын шайлоо.

6. Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Аксы райондук комитетинин президиумунун курамын түзүү.

Биринчи маселе боюнча Аксы райкомунун төрагасы С.Камчыбеков, экинчи маселе боюнча текшерүү комиссиясынын төрагасы Ж.Момунов отчеттук баяндама жасашты. Эки баяндама  делегаттар тарабынан кызуу талкууланды.

Райондук комитеттин жана текшерүү комиссиянын жаңы курамдары бекитилди. Райондук комитеттин төрагалык кызматына С.Камчыбековтун, Д.Бузурманкуловтун талапкерликтери  сунушталды.

Шайлоо ачык добуш менен өткөрүлүп, С.Камчыбеков делегаттардын 94 добушуна ээ болуп төрага кызматына кайрадан шайланды. Райондук комитеттин жаңы президиумунун курамы бекитилди.

Борбордук Комитетин төрагасы А.Т.Токтогулов жаңы курамды жана төраганы куттуктап, алдындагы милдеттер тууралу кеңри сөз сүйлөдү.

Сөзүндө билим берүү кызматкерлеринин көйгөйлүү маселелерин республикалык бийлик менен биргеликте чечүү үчүн талыкпай эмгектенишин айтып, ар дайым мугалимдин кадыр баркын көтөрүү багытында иштөө профсоюз уюмдарынын негизги милдети экендигин белгиледи.

Аксы райондук ХХ конференциясы профсоюздун күчү - ынтымак жана биримдикте экендигин көрсөттү.

 

Маалыматты даярдаган: Обкомдун инспектору А.Айдаров