Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздук кароонун облустук туру жыйынтыкталды

     «2017-жыл-Ыйман,адеп  жана  маданият  жылы» билим  берүү тармагында  өзгөчө белгиленди. Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук  Комитети тарабынан  “Тармакта ыйман, адеп жана  укуктук  маданиятты жогорулатууну  мыкты  уюштурган профсоюздук  комитет-2017” урааны  астында  республикалык кароонун  жарыяланышы 2017-жылда профсоюз  уюмдарынын  ишмердүүлүгүн   жаңы деңгээлге  көтөрүлүшуна   багыт жана көрсөтмөлөрдү белгилеп  берди.

      Кароо Жалал-Абад облустук райшаарларында октябрь айында жыйынтыкталып, облустук  турга катышуучу баштапкы  профсоюздук  уюмдар кароонун  шарттарына ылайык толук  документтери менен облустук  турга жөнөтүштү.

          Облуста  атайын  түзүлгөн  комиссия иштеп, кароону жыйынтыктап, Сузак  районунун Манас орто  мектебинин  жана Ноокен  районунун №26 “Ак Шоола” бакчасынын профсоюз уюмдары жеңүүчүлөр деп табылып республикалык турга  катышуу  укугу     берилди.

Материалды даярдаган: А.Айдаров-Жалал-Абад обкомунун инспектору.