Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздук уюмдардын кесиптик майрамы жакшы маанайда өткөрүлдү

          2018-жылдын 19-октябрь  күнү  Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн жыйындар залында профсоюз кыматкерлеринин  кесиптик майрамына карата  профсоюздун райондук комитети  тарабынан  майрамдык кече өткөрүлдү. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюзунун Аксы райондук комитетинин төрагасы С.Камчыбеков  профсоюздук кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттуктап, алдыӊкы профсоюздун мүчөлөрүнө профсоюздун Борбордук Комитетинин төш белгилери жана «Ардак грамоталары», областтык, райондук комитеттердин  «Ардак грамоталары» тапшырды. Сыйлыктарды тапшыруу менен бирге профсоюздун райкому тарабынан сый тамактар уюштурулду. Майрамдык кечеге келген  коноктор майрамды көӊүлдүү маанайда өткөзүшүп, ыраазчылыктарын билдирип кайтышты.

 

 

      Ошондой эле майрамга карата «Улгайгандардын урматтоо  айы» деген ураандын алкагында райондогу билим берүү тармагына салымын кошкон, эмгектин Ардагер мугалимдерине Аксы райондук билим берүү бөлүмү жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Аксы райондук комитети тарабынан уюштурулган «Ардагер мугалим» төш белгиси  тапшырылды. Мында райондогу  24 мугалим «Ардагер мугалим» төш белгиси менен  сыйланышты. Сыйлыктарды тапшыруу менен бирге райком профсоюз тарабынан концертик программа тартууланды.

 

 

      Маалыматты даярдаган: Эмгек жана укукту коргоо техникалык инспектору: М.Омурбекова