Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздук окуу - усулдук семинар

         2018-жылдын 14-сентябрында Алай  районундагы К.у.Абдыразак атындагы  лицей  интернатында  областтык  профсоюздук окуу-усулдук семинар  болуп  өттү.

            Семинардын  ишине билим, илим кызматкерлеринин  профсоюзунун  Ош  областтык комитетинин  уюштуруу  жана  социалдык иштер  боюнча бөлүм  башчысы М.Аттокуров, укуктуулукту жана эмгекти  коргоо боюнча башкы  инспектор Э.Т.Ажиматов, билим  берүү  кызматкерлеринин  Алай  райондук  профсоюз  комитетинин  төрагасы  А.К.Абдыкадыров,   Алай  райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  башчысы Д.А.Жээнбеков,  директорлордун  секция жетекчиси  М.Качкынбаев, башкы  эсепчинин  орун  басары Ж.Эсенкулов жана  райондогу 53  мектептин, 26  балдар бакчасынын  директорлору, билим  берүү  бөлүмүнүн  эсепчилери,  Гүлчөдөгү  мектептердин профкомдору  катышышты.

            Семинардын  жүрүшүндө  Кыргыз  Республикасынын  Билим берүү, илим  министрлигинин  2018-жылдын  5-январындагы  жумалык окуу  жүктөмдөрү  жөнүндөгү  №3\1 буйругу, Билим  берүү, илим  министрлигинин  2018-жылдын  1-июндагы №8-316 телефонограммасы жана  2018-жылдын 24-майындагы  Билим  берүү, илим  министрлигинин №04-2\3712 каты  боюнча  келип  чыккан  суроолор,  проблемалар боюнча  суроо-жооптор,  талкуулар  жүрүп, ой-пикир  алышуулар болду.

            Ошондой эле  Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-ж. 19- январындагы №18, 2015-ж. 9-июлундагы №473,  2018-ж. 23-июлундагы  №336 токтомдору, Эмгек  кодексинин  79-88-беренелери, тиешелүү нормативдик укуктук документтер  боюнча  түшүндүрмөлөр берилип,  суроо-жооптор  жүргүзүлдү.

            Бул  окуу семинар «Аймактарды  өнүктүрүү жылынын» алкагында райондо быйылкы  жылы  билим берүү  кызматкерлеринин  райондук  профсоюз комитети  тарабынан билим,  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  областтык  комитети менен  биргеликте  үчүнчү  жолу  өткөрүлдү.

            Анткени ушул жылдын 8-июнунда Гүлчө  зонасында, 4-августа Нура  зонасында да  өткөрүлүп түшүндүрмөлөр  берилген.

            Окуу семинар  ачык-айкындуулук, демократиялуулук, өз  ара  түшүнүшүү принциптеринин  негизинде  өткөрүлүп, проблемалуу  суроолор  боюнча тиешелүү  багыттарга суроолор  жолдонду.

Качкынбаев  М. - директорлордун  секция жетекчиси

Эргешова М.-  Т.Отунчиев  атындагы  мектеп – гимназиясынын  профсоюз  уюмунун  төрайымы

Абдыкадыров А.К.- Билим  берүу  кызматкерлеринин  Алай  райондук  профсоюз  комитетинин  төрагасы