Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздук окуу семинар өткөрүлдү

Кара-Суу районундагы Т.Юнусов орто мектебинин базасында райондун Кара-Суу зоносындагы билим берүү уюмдарындагы баштапкы профсоюз комитеттеринин төрага, төраймдарынын катышыусунда 2021-жылдын 8-апрелинде окуу семинар өткөрүлдү. Окуу семинарга 65 баштапкы уюмдардын лидерлери катышышты. Окуу семинарда төмөндөгү маселелер камтылды:

- эмгекти коргоо;

- эмгек акы;

- эмгектик талаш тартыштарды чечүү;

- убактылуу эмгеке жарамсыздык, кош бойлуулук, төрөт жана расымдык сөөк коюудагы жөлөк пулдар жөнүндөгү маселелер камтылды.

Окуу семинар суроо-жооп иретинде талкуулар менен коштолуп, жандуу  маанайда өттү. Окуу семинардын катышуучулары абдан пайдалуу өткөндүгүн белгилешти.

 

Материалды даярдаган: Ош облустук профсоюз комитети